
Жарыяланган
2026-04-11, 13:35Ош шаарында узундугу 32 чакырымды түзгөн түштүк айланма жолун куруу пландалууда. Бул боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Маалыматка ылайык, документке Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана «АВТОБАН» жол курулуш компаниясынын директору кол коюшту.
Долбоордун алкагында 32 чакырым автомобиль жолун, жол түйүндөрүн, көпүрөлөрдү жана башка керектүү курулмаларды куруу каралган.
Жаңы жол курулса, Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү транзиттик унаалардын саны жана жол тыгыны азаят. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугу жакшырат.



