
Жарыяланган
2026-28-10, 09:53Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган тургундарга 10 күндүн ичинде Эне-Сай жаңы конушунан турак жай берилет. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Шаар мэри Жанарбек Акаев оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүнө барып, үйлөрү бузулган тургундар менен жолугушту.
Мэрдин айтымында, бир дагы жаран турак жайсыз калбайт.
«Жакынкы күндөрү 20 үй ээлерине тапшырылат. Калган тургундарга турак жайлар этап-этабы менен берилет», — деди Жанарбек Акаев.



