Akchabarsearch
Ош шаарындагы «Эне-Сай» конушунда үйлөрү бузулган үй-бүлөлөр үчүн жаңы турак жайлар курулууда

Жарыяланган

2026-22-10, 10:27

Ош шаарындагы «Эне-Сай» конушунда үйлөрү бузулган үй-бүлөлөр үчүн жаңы турак жайлар курулууда

Ош шаарындагы «Эне-Сай» конушунда бузууга туура келген үйлөрдүн ээлери үчүн жаңы турак жайлар курулуп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев куруучулар менен жолугуп, иштердин жүрүшүн текшерди. Ал кыш келгенге чейин курулушту тездетип, үйлөрдү бүтүрүүнү тапшырды.

Маалыматка ылайык, Эне-Сай конушунда буга чейин 140 үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылган. Ноябрь айында дагы 90 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.
 


Тектеш материалды окуу