Akchabarsearch
Аламүдүн районунда тогуз айда 3.3 млрд сом инвестиция тартылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-06-11, 16:43

Аламүдүн районунда тогуз айда 3.3 млрд сом инвестиция тартылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2026-жылдын тогуз айында негизги капиталга салынган инвестициялар 63.8%га көбөйүп, 3 млрд 298.8 млн сомго жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 6-ноябрда районго болгон иш сапарында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, январь–сентябрь айларында райондо 16 млрд 250 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.

Райондогу ири инвестициялык долбоорлордун катарында 20 млн доллар жумшалган «Силк Вэй» соода борбору бар. Анда 2 миң жумуш орду түзүлгөн.

Ошондой эле «Чанхун» металлургиялык заводуна 18 млн доллар инвестиция салынып, 500 жумуш орду түзүлгөн. Ал эми «Глобал Хаб» логистикалык борборуна 35 млн доллар жумшалып, 250 адам жумуш менен камсыз болгон. 

Мындан тышкары, ири долбоорлордун бири болгон "Манас" шаарчасына тартылган инвестициянын көлөмү 4.2 млрд долларды түзгөн.

2024–2026-жылдары райондо 41 социалдык объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Алардын арасында 15 мектеп, 7 бала бакча, 11 спорттук объект, 6 медициналык мекеме, бир маданият үйү жана бир китепкана бар.

Ошол эле учурда райондогу негизги көйгөйлөрдү чечүүгө болжол менен 2 млрд сом керек экени айтылды. Бул каражатка 35 чакырым жолду асфальттоо, айылдарда маданият үйлөрүн куруу жана оңдоо, канализация тармактарын жана тазалоочу жайларды куруу сунушталууда.

Мындан тышкары, эки көпүрө жана Кара-Жыгач айылында спорт залын куруу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле карьерлердин ишин тартипке келтирүү маселеси көтөрүлүп, айрым жерлерге өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамын берүү сунушталды.


Тектеш материалды окуу