Akchabarsearch
Энергетика. Кытай компаниясы Кыргызстанга 1 млрд долларга чейин инвестиция салууга кызыкдар

Жарыяланган

2026-29-04, 09:48

Энергетика. Кытай компаниясы Кыргызстанга 1 млрд долларга чейин инвестиция салууга кызыкдар

Кытай тарап жалпы кубаттуулугу 700 МВтка чейин болгон долбоорлорго — анын ичинде 500 МВт күн жана 200 МВт шамал станцияларына — 1 млрд долларга чейин инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди.

Бул маселе Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун China Energy Engineering Investment компаниясынын делегациясы менен жолугушуусунда талкууланды.

Тараптар кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Жолугушууда өлкөнүн инвестициялык климаты жана мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу да маалымат берилди.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантып, конкреттүү долбоорлорду практикалык деңгээлде иштеп чыгууга даяр экенин билдиришти.
 


Тектеш материалды окуу