Akchabarsearch
Быйыл 22 миң кыргызстандык чет өлкөгө мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурулду

Жарыяланган

2026-06-11, 18:02

Быйыл 22 миң кыргызстандык чет өлкөгө мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурулду

2026-жылдын он айында 22 миң кыргызстандык чет өлкөлөргө мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурулду. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргызстандыктар 26 өлкөдө иштеп жатышат.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылы 25 миңден ашуун жаран чет өлкөлөргө жумушка орноштурулган.

Кудайбердиев жарандардын мамлекеттик органдарга жана расмий уруксаты бар жумушка орноштуруу агенттиктерине болгон ишеними өсүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, расмий жол менен жумушка кеткендер чет өлкөдө кыйынчылыктарга азыраак туш болушат. Ал эми өз алдынча жумуш издеп кеткен жарандардын укуктары бузулган учурлар көп кездешет.


Тектеш материалды окуу