
Жарыяланган
2026-23-03, 15:44Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички+тышкы карыз) 2026-жылдын 31-январына карата 8 млрд 940 млн долларды түздү.
2025-жылдын 31-январына карата мамлекеттик бересе 6 млрд 638.7 млн доллар болгон. Бир жылды бересе 2 млрд 301.3 млн сомго көбөйгөн.
Мамлекеттик карыз – 8 млрд 940 млн доллар (2026-жылдын 31-январына карата):
Мамлекеттик карыз – 6 млрд 638.7 млн доллар (2025-жылдын 31-январына карата):
Эң көп көп ички карыз көбөйгөн:
Кыргызстандын ички карызы бир жылда 1 млрд 497.2 млн долларга, тышкы карыз болсо – 804.1 млн долларга өскөн.
Кыргызстан карыз гана албастан, мурда алынган береселерди кайтарып жатканын белгилей кетүү керек. Ошондуктан биринен алган карыз кемисе, башкалар алдындагы бересе көбөйүүдө.
Тышкы бересе: Кыргызстан кимдерге эң көп карыз (2026-жыл 31-январь):
1. Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы – 1 млрд 501.4 млн доллар
Бир жылда карыз 153.5 млн долларга азайган (2025-жыл 31-январь: 1 млрд 654.9 млн)
2. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банктын тобуна кирет) – 939.5 млн доллар
Бересе 182.8 млн долларга көбөйгөн (2025-жыл 31-январь: 756.7 млн)
3. Азия өнүктүрүү банкы – 870.3 млн доллар
Карыз 109.5 млн долларга өскөн (2025-жыл 31-январь: 760.8 млн)
4. Евразиялык өнүктүрүү банкы – 257.2 млн доллар
Бересе 3.4 млн долларга азайган (2025-жыл 31-январь: 260.6 млн)
5. Ислам өнүктүрүү банкы – 206.9 млн доллар
Карыз 16.9 млн долларга арткан (2025-жыл 31-январь: 190 млн)
6. Эл аралык валюта фонду – 186 млн доллар
Бересе 132.2 млн долларга кыскарган (2025-жыл 31-январь: 318.2 млн)
7. Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) – 138.11 млн доллар
Карыз 30 миң долларга кемиген (2025-жыл 31-январь: 138.14 млн)
8. Сауд өнүктүрүү фонду – 106.5 млн доллар
Бересе 32.4 млн долларга өскөн (2025-жыл 31-январь: 74.1 млн)
Ошондой эле былтыр май айында Кыргызстан еврооблигацияларды чыгарып, 700 млн доллар карыз алган.



