Akchabarsearch
    Улуттук банк эсептик ченди жогорулатты: бул жарандардын капчыгына кандай таасир этет?

    Улуттук банк эсептик ченди жогорулатты: бул жарандардын капчыгына кандай таасир этет?

    Кечээ, 28-июлда, Улуттук банк эсептик ченди 0,25 пайыздык пунктка жогорулатуу чечимин кабыл алды — 9%дан 9,25%га чейин. Өзгөрүү аз көрүнгөнү менен адамдардын күнүмдүк турмушуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул эмнени билдирет жана эмнеге даярдануу керек экенин түшүндүрөбүз.

    Эмне үчүн эсептик чен жогорулайт?

    Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет. Анын жогорулашы — инфляцияга каршы күрөшүүдөгү инструменттердин бири. Азыр Кыргызстандагы жылдык инфляция 8,7% түзөт, ал эми Улуттук банктын максаттуу деңгээли — 5-7% аралыгында.

    Экономист Искендер Шаршеев түшүндүргөндөй, эсептик чендин жогорулашы насыяларды кымбаттатат, экономикадагы акча массасын кыскартат жана ошону менен баалардын өсүшүн токтотууга жардам берет. Бирок бул чечимдин дагы башка кесепеттери да бар.

    Коммерциялык банктар эсептөөлөрдө эсептик ченге таянышат. Эгер ал жогоруласа, анда насыялар боюнча пайыздык төлөмдөр да өсүшү мүмкүн. Бул өзгөчө жаңы алынган насыяларга мисалы, ипотека, автоунаа насыясы же керектөөчүлүк насыяларга тиешелүү. Ал эми пайыздык чени өзгөрүп туруучу насыялары бар адамдар ай сайынкы төлөмдөрдүн көбөйгөнүн байкашат. Эгер, мисалы, жыл аягында насыя боюнча орточо чен 18% болуп калса, бул карыз алуучулардын капчыгына олуттуу таасир этет, — деп түшүндүрдү экономист.

    Ошол эле учурда салымчылар үчүн бул — жакшы кабар. Банктар элден акча тартуу үчүн депозиттер боюнча пайыздарды көтөрүшөт. Демек, сом менен мөөнөттүү депозиттерде акча сактагандар көбүрөөк киреше таба алышат. Бул акчаны коротпой, тескерисинче топтоого түрткү болушу мүмкүн.

    2021-жылы эсептик чен ушундай эле түрдө жогорулаганда, жарандар активдүү түрдө акчасын банктарга — тактап айтканда, улуттук валютадагы депозиттерге сала башташкан.

    Эсептик ченди жогорулатуунун негизги максаттарынын бири — баалардын өсүшүн (инфляцияны) жайлатуу. Насыялар кымбаттаганда, эл да, ишкерлер да азыраак акча коротот. Бул суроо-талапты азайтып, баалар жайыраак өсө баштайт. Айрыкча бул импорттук товарларга тиешелүү, — деди эксперт жана ошол эле учурда дароо жыйынтык болорун күтүүгө болбой турганын белгиледи.

    Азыр баалардын өсүшүнө сезондук жана тышкы факторлор таасир этүүдө — мисалы, дүйнөдө күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн кымбатташы. Ошондуктан инфляция дагы бир аз убакыт жогору бойдон калышы мүмкүн.

    Сомдун курсуна эмне болот?

    Эсептик чен жогорулаганда, сом менен сакталган каражаттар көбүрөөк киреше алып келе баштайт. Бул улуттук валютага болгон суроо-талапты жогорулатып, анын бекемделишине алып келиши мүмкүн. Ошону менен бирге долларга жана еврого болгон суроо-талап азаят. Натыйжада импорт арзандашы ыктымал, ал эми чет элдик товарлардын баасынын өсүшү бир аз басаңдашы мүмкүн.

    Кымбат насыялар экономика үчүн токтотуучу фактор. Адамдар азыраак карыз алышат, азыраак сатып алышат, бизнес да этият болуп калат. Бул өзгөчө насыяларга көз каранды тармактарга — курулуш, соода, чакан бизнеске таасир этиши мүмкүн. Айрым учурларда айлык маяналардын өсүшү жайлап, кээде кыскартуулар да болушу ыктымал.

    Мындан тышкары, кирешеси төмөн адамдар үчүн эсептик чендин жогорулашы турак жай, дарылануу же окуу үчүн насыя алуу кыйыныраак боло турганын билдирет. Ошондуктан чыгашаларды кылдат пландаштырууга туура келет, — деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.


    Тектеш материалды окуу