Akchabarsearch
Улуттук банк эски доллардан комиссия алууга уруксат берди, айрым банктар аны мөөнөтүнөн мурда киргизишти

Улуттук банк эски доллардан комиссия алууга уруксат берди, айрым банктар аны мөөнөтүнөн мурда киргизишти

2025-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандагы банктарга жана акча алмаштыруучу жайларга 2006-жылга чейинки чыгарылган АКШ долларларын кабыл алуу жана алмаштыруу үчүн комиссиялык төлөм алууга расмий түрдө уруксат берилди. Бул сыяктуу акча белгилерин эски дизайны жана коопсуздук даражасынын төмөндүгү үчүн эл арасында "ак доллар" деп аташат. Бирок "Акчабар" жүргүзгөн талдоого ылайык, айрым коммерциялык банктар жаңы норма күчүнө кире электе эле мындай долларлар менен жүргүзүлгөн операциялар үчүн комиссия ала башташкан.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, комиссияны киргизүү — мажбурлуу чара. Бул эски банкнотторду өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу зарылчылыгы менен түшүндүрүлүп, ошондой эле жасалма акчанын жүгүртүүгө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатын көздөйт. Бирок логика суроолорду туудурат: эгерде “ак долларлар" өлкөгө, өзгөчө 2022-жылдан кийин дагы активдүү агылып турса, кошумча жыйымдар жасалмалардын санын кантип азайтышы керек?

Эске салсак, Орусияга каршы киргизилген санкциялардын, анын ичинде валюталык чектөөлөрдүн башталышынан кийин, эски доллар купюраларынын чоң агымы Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга багыт алган. Жарандардын колунда канча эски купюра бар экени так белгилүү эмес. Бирок 2006-жылдын аягында эле кыргызстандыктардын банктардагы эски доллар түрүндөгү сактоолору 11 млрд 35.7 млн сомго барабар болгон — ошол кездеги курс боюнча ($1 = 38.1238 сом) бул $289.5 млн түзгөн. Ошондон бери бул сумма дагы ондогон миллион долларга көбөйгөнү шексиз.

Муну менен катар, эски долларлар АКШ аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда жана Федералдык резерв системасы аларды жүгүртүүдөн алып салган эмес. Бирок 1-майдан тарта бул долларлар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча чыгымдар банктарга гана эмес, жалпы жарандарга да жүктөлөт. Мында комиссиянын көлөмүн ар бир банк өз алдынча аныктайт — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзам боюнча муну жөнгө салбайт. Демек, комиссия 1% деңгээлде болсо (айрым банктар ушундай көрсөткүчтү айтып жатышат), 2006-жылдын аягында жарандардын колунда болгон "ак долларлардан" эле банктар $3 млн жакын комиссия чогултушу мүмкүн. Бул акыркы жылдары Кыргызстанга агылып келген купюраларды эсепке албагандагы көрсөткүч.

Адилеттик үчүн айтсак, бул жаңылык киргизилгенге чейин эле "ак долларлар" менен көйгөйлөр болгон. Банктар жана алмаштыруучу жайлар аларды кабыл алуудан баш тартып, азыраак курс менен эсептешип же болбосо өз алдынча комиссия киргизип алышкан. "Акчабар" жүргүзгөн банктардын call-борборлоруна сурамжылоого ылайык, жок дегенде беш банк учурда эски долларлар менен операциялар үчүн комиссия алып жатышат. Дагы бир банк мындай купюралар үчүн өзүнчө курс каралганын билдирди.

Ошол эле маалда Улуттук банк өз позициясын так айтты: 2006-жылга чейин чыгарылган, мыйзамдуу төлөм каражаты макамын жоготпогон долларларды алмаштыруу үчүн комиссия 2025-жылдын 1-майынан гана тартып алынууга тийиш.

"Бул датадан мурда банкноттун чыгарылган жылына жараша ар түрдүү курс коюу же комиссия алуу тыюу салынган. 1-майга чейин эски долларларды алмаштырууда алынган ар кандай комиссиялар мыйзамга каршы келет", — деп билдирген Улуттук банк, эгер мындай фактылар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Мында баса белгилеп кетүүчү нерсе — бул талаптар эскилиги жеткен, жыртылган акчаларды (кайсы жылы чыгарылганына карабастан) кабыл алууга байланыштуу комиссияларга тиешеси жок. Ошондой эле банктык эсепти толтуруу же акча которуу сыяктуу башка операциялар үчүн комиссияларды банктар өздөрү аныктай алышат.
 


Тектеш материалды окуу

  • Экология, адамдар жана башкаруу: «Айыл Банк» ESG принциптерин кантип ишке ашырат

    «Айыл Банк» ESG принциптерин ырааттуу түрдө ишке ашырып, туруктуу өнүгүүнү өзүнүн стратегиясынын жана коомдун, ошондой эле келечек муундардын алдындагы жоопкерчилигинин ажырагыс бөлүгү катары карайт. Банк үчүн бул бир жолку демилге эмес, айлана-чөйрөгө кам көрүүнү, адамдарды колдоону жана ачык-айкын корпоративдик башкарууну бириктирген узак мөөнөттүү жол болуп саналат
    2025-29-12 07:39:18
  • Региондордогу филиалдардан тарта санариптик сервистерге чейин: «Айыл Банк» кардарлардын ишенимин кантип арттырат?

    Кыргызстандын банк секторунда убакыт өткөн сайын жөн гана сандык көрсөткүч бойдон калбай, ишеним деңгээлин сактап, экономикалык жараяндарга катышууну жана региондордо да иштөөнү тынымсыз улантып жаткан жагдайлар бар. Ушул контекстте “Айыл Банк” көп жылдан бери өлкөдөгү эң туруктуу жана ири каржылык институттардын бири болуп келе жатат.
    2025-25-12 05:00:46
  • Шайлоодо үгүтчүлөргө акы төлөө: Талапкерлер эмнени билиши керек?

    Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жакындап, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөрүү мезгили келди. Кампаниянын негизги маселелеринин бири - анын каржылануусу жана шайлоочулар менен байланышты камсыздаган агитаторлордун эмгек акысы болуп саналат.
    2025-25-11 04:43:50
  • Улуттук банк банктардын тарифтерин жана комиссияларын көзөмөлдөгүсү келет

    Кыргызстандын Улуттук банкы банктардын жана төлөм кызматтарынын тарифтерин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Эгер документ кабыл алынса, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана төлөм сервистерине кредиттерге жогору пайыздык чендерди жана жашыруун комиссияларды коюу кыйла татаал болот
    2025-28-10 03:14:24