
Жарыяланган
2026-03-03, 12:02Бишкекте жер тамы бар жарандарга жер тилкесин парковка катары иштетүүгө мүмкүндүк берүү сунушталууда. Мындай демилгени борбор калаанын бийлиги көтөрүп чыкты.
Мэрия шаарда унаа токтотконго жер тартыш болуп жатканын, анын айынан айрым айдоочулар унаасын чөп өскөн жерге, жол жээктерине, тротуарларга таштап кетерин белгилейт. Туура эмес жерге токтотулган унаалардын айынан жол тыгындары да болот.
Ошондуктан шаар бийлиги парковка маселесин чечүүнүн бир жолу катары жер там ээлерине жер тилкесин парковка катары иштетүүгө мүмкүндүк берүүнү сунуштап жатат. Ал жерлерде парковканын акысы канча сом болорун мэрия аныктап, белгилеп берет.
Мэриянын бул демилгеси сыноо иретинде 2027-жылдын 1-февралына чейин ишке ашырылат. Эгер анын жыйынтыгы жакшы боло турган болсо, тиешелүү жобо-токтомдор кабыл алынат.


