
Жарыяланган
2026-27-11, 13:02Кыргызстандын банктарынын жана микрофинансылык уюмдарынын жалпы кредиттик портфели 730 миллиард сомго жетти. Бирок анын басымдуу бөлүгүн кыска мөөнөттүү жана кымбат насыялар түзгөндүктөн, алар узак мөөнөттүү өндүрүштүк долбоорлорду каржылоого жетишсиз. Бул тууралуу 27-ноябрда «Инвестициялык вектор: Мамлекет жана бизнес» форумунда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, кредиттик портфелдин 659 млрд сому банктарга, дагы 69 млрд сому микрофинансылык уюмдарга туура келет.
«Кыска мөөнөттүү, үстөгү жогору насыялардын эсебинен заманбап өнөр жайды куруу мүмкүн эмес», — деп белгиледи Темир Сариев.
Ал улуттук валютада узак мөөнөттүү насыя берүүнү кеңейтүүнү, кепилдик механизмдерин, лизингди, корпоративдик облигациялар рыногун жана долбоордук каржылоону өнүктүрүүнү сунуштады. Анын айтымында, өндүрүштүк ишканаларга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Ошондой эле Темир Сариев бизнестин инвестициялык инфраструктурага жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү зарылдыгына көңүл бурду. Ишкерлерге даяр жер тилкелери, электр энергия, суу, жол, квалификациялуу кадрлар жана каржылоо керек.
Мындан тышкары, палата алдыдагы беш жылдыкка иш-аракеттер планын даярдап жаткан министрлер кабинетине бизнестин 176 маселесин кароо үчүн киргизген. Сариевдин айтымында, сунуштар ишкерлер жана бизнес-ассоциациялар менен биргеликте иштелип чыккан.



