
Жарыяланган
2026-27-11, 18:18Кыргызстандын Куруучулар бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Акматов «Инвестициялык вектор: Мамлекет жана бизнес» форумунда курулуш компанияларынын ишин татаалдаштырган маселелерди көтөрдү. Атап айтканда, ал ысык аба ырайында иш жүргүзүүгө коюлган чектөөлөрдү кайра карап чыгууну суранды.
Акматовдун айтымында, учурдагы чектөөлөр курулуш компанияларына иш графигин пландаштырууда жана сактоодо кыйынчылыктарды жаратууда. Ал белгилегендей, бул көйгөй акыркы эки жылда өзгөчө курч сезилүүдө.
Транспорт министрлигинин өкүлү температуралык чектөөлөр биринчи кезекте асфальт басылган жолдорго тиешелүү экенин айтты. Ошол эле учурда асфальт жок жолдордо жана өндүрүштүк аянтчаларда эч кандай чектөө жок.



