Akchabarsearch
Кыргызстан түз инвестицияларды жылына кеминде 20%га көбөйтүүнү көздөп жатат

Жарыяланган

2026-27-11, 15:48

Кыргызстан түз инвестицияларды жылына кеминде 20%га көбөйтүүнү көздөп жатат

Кыргызстан түз инвестицияларды жылына кеминде 20%га көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес: ачык диалог” форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Форумда Касымалиев өлкөнүн башкы экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 422,9 миллиард сомго жеткенин белгиледи.

Эгер 2020-жылы негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 123 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткич 374.6 миллиард сомго жеткен. 2020-жылдан 2025-жылга чейин өлкөгө 5.9 миллиард доллар өлчөмүндөгү түз чет өлкөлүк инвестиция тартылган.

Акыркы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 11.8 миллиард долларды түзгөн 88 инвестициялык келишимге кол коюлган. Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында Кыргызстандын тышкы соода-сатыгы 12 миллиард доллардан ашып, 13,3%га өскөн.

"Президент 21-октябрда өткөн улуттук кеңешмеде чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн жылына кеминде 20 пайызга көбөйтүү максатын койду. Бүгүнкү жолугушууга Жогорку соттун төрагасы  чакырылганы өзгөчө мааниге ээ. 

Инвестор үчүн капиталдын коопсуздугу, жеке менчиктин кол тийбестиги, келишимдик милдеттенмелердин аткарылышы жана сот аркылуу адилеттүү корголуу — эң башкы шарттар болуп саналат. Инвестор кайсы мамлекеттик органга кайрылбасын, ал жерден ырааттуу, кесипкөй мамилени жана келип чыккан маселелердин ыкчам чечилишин көрүшү керек", — деди ал.  


Тектеш материалды окуу