Akchabarsearch
“Кумар оюнун ойногон адам уурдаган болушу мүмкүн”. Бишкекте терминалдан 650 миң сом уурдалды

Жарыяланган

2026-29-01, 15:29

“Кумар оюнун ойногон адам уурдаган болушу мүмкүн”. Бишкекте терминалдан 650 миң сом уурдалды

Бишкекте 29-январга караган түнү акча салган терминалдан 650 миң сомдон ашык акча уурдалду. Бул тууралуу терминалдын ээси “Акчабар” сайтына айтып берди. 

Акча уурдалган терминал Кулатов менен Кара-Көл көчөлөрүнүн кесилишинде, Ак-Барс турак жай комплексинин жанындагы дүкөндүн алдында жайгашкан. 

Жеке ишкердин айтымында, уурулук тууралуу инкасссация акча алганы келгенде билинген. 

“Алар 28-январда эртең менен саат 9:30да инкассация жасап кеткен. Бүгүн  эртең менен келишсе: терминал сындырылган, акча жок”, - дейт ал.

Ал уурулук жөнүндө угары менен милицияга кабарлап, өзү да жерине келген.

Ишкер акча уурдалар алдында кызыктай көрүнүш болгонун айтат. Ошол күнү бир-эки номерге чоң суммадагы акчалар салынган. 

“Терминалдын ичинде 650 миң 110 сом болгон. Негизи бул терминалга күнүнө мынча акча салынчу эмес. Салынса, 100-150 миң сом салынчу. Кечээ күнү бир-эки номерге 95 миң сом, 47 миң сом деп 350-400 миң сомдой акча салыныптыр. Менин божомолум боюнча, муну кумар оюндарын ойноп, акча уттурган адам жасаган болушу ыктымал. Себеби мындай окуя менин кесиптештеримде да болгон. Кумар оюнуна акча уттурган киши акчасын салып, кайра кыжырланып, терминалды сындырып, акчасын алып кеткен учурлар болгон”, - дейт ал. 

Ал шаардын борборунда ушундай окуялар утуру болуп турарын белгилеп өттү.

Эми уурдалган 650 миң сом терминалды иштеткен ишкердин мойнуна илинип, акчаны төлөп бериши керек. Ал 650 миң сом табышы үчүн жылдап иштеши керектигин айтат. 

“Ачык айтайын, бир терминалдан пайыз катары бир айда 5-6 миң сом түшөт. 2-3 миң сом компанияга тейлөөгө – инкассация, техник, кагаз, интернет дегенге төлөйбүз, дүкөнгө ижарасына 2 миң сом беребиз. Мага көп болсо, бир терминалдан 2 миң сом түшөт. Эми 650 миң сомду төлөшүм үчүн мен канча иштешим керек болот?! Бул көчө терминалы 100 миң сом турат. Аны сатсам деле өзүн актабайт. Терминал сындырылгандыктан, аны сата да албайм. Эми аны оңдотконго эле 30-40 миң сом кетет”, - дейт ал. 

Ишкер буга чейин анын Свердлов районундагы эки терминалы сындырылып, акча уурдалганын эске салды. Анда милицияга арыз жазганы менен уурулар табылган да эмес. 

“Кудай жалгап аларда азыраак акча болгон. Бирөөсүндө 50 миң, экинчисинде 112 миң сомдой акча болгон. Алар боюнча да арыз жазгам, бирок майнап чыккан жок”, - дейт ишкер. 

Ишкер бул ирет милиция ууруларды табат деген үмүтүн билдирди. 


Тектеш материалды окуу