
Жарыяланган
2026-12-06, 17:30Талас шаарында К. Нуржанов атындагы борбордук аллеянын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоорго ылайык, аллея аймагында жарандар үчүн эс алуу зоналары, соода түйүндөрү, гүлдөрдүн галереялары, отургучтар, жөө адамдар үчүн ыңгайлуу жолдор салынат. Ошондой эле эне жана бала үчүн атайын бөлмөлөр каралган.
Мындан тышкары, аймак жарыктандырылып, бак-дарактар тигилип, көрктөндүрүлөт.
Таласта иш сапары менен жүргөн министр Нурдан Орунтаев аллеянын курулуш иштерин көрүп чыккан.
Министрлик борбордук аллеянын курулушу графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди.



