
Жарыяланган
2026-12-06, 16:56Сауна жана мончо, кафе-ресторан жана башка тамактануучу жайлар үчүн бирдиктүү салыктын чендери төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, сауна жана мончолор үчүн салык 8%дан 5%га чейин, тамактануучу жайлар үчүн – Бишкек жана Ош шаарларында 5%, калган аймактарда 3% болот.
“Ошондой эле аталган документ менен алдын ала төлөмдөр боюнча салык төлөө талабы турак жай жана турак жай эмес жайларды алгачкы жолу сатып жаткан ишкерлерге гана колдонулат. Мындай субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн түрүнө карабастан 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет”, - деп айтылат маалыматта.



