
Жарыяланган
2026-12-06, 16:09Унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын баасы бир айга арзандатылат. Өкмөттүн тиешелүү токтому бүгүн, 12-июнда чыкты.
Токтомго ылайык, жарандар 15-июндан 15-июлга чейин тонировкага уруксатты 15 миң сомго арзан ала алат.
Жарандар үчүн уруксаттын баасы – 35 миң сом, юридикалык жактарга – 55 миң сом жана резидент эместер үчүн – 75 миң сом болот.
Эскерте кетсек, тонировкага уруксат бир жылга берилет. Уруксаттын арзандатуусуз, өз баасы жарандар үчүн – 50 миң сомду, юридикалык жактарга – 70 миң сомду жана резидент эместер үчүн – 90 миң сомду түзөт.
Электр унаа ээлери үчүн тонировкага уруксаттын баасы 30 миң сом деп коюлган.



