
Жарыяланган
2026-12-06, 18:18Кыргызстанда изофенфос-метил затынын негизинде жасалган пестициддерди колдонууга тыюу салынды. Мындай чечимди Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти кабыл алды.
Чечимге ылайык, Кыргызстанда аталган заттын негизинде жасалган пестициддерди колдонууга, өндүрүүгө, каттоого, өлкөгө алып келүүгө, экспорттоого, сатууга тыюу салынат.
Мындай чечим эл аралык тажрыйбаны жана PAN (Pesticide Action Network) уюмунун өзгөчө коркунучтуу пестициддер боюнча сунуштарын эске алуу менен кабыл алынган.
“Изофенфос-метил адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, айлана-чөйрөгө коркунуч жаратышы мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.



