
Жарыяланган
2026-07-09, 18:06Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияларды индексациялоо тартибин бекитти. Тиешелүү №601 токтом 5-сентябрда кабыл алынган.
Документке ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйөт. Бирок кошулган сумма 1 миң сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон көп эмес болот.
Индексациядан кийин пенсиянын жалпы өлчөмү жөлөкпулдар жана башка кошумча төлөмдөр эсептелбегенде 8 миң 800 сомдон кем болбошу керек. Эгер кайра эсептөөдөн кийин пенсия бул суммадан аз болуп калса, камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен 8 миң 800 сомго жеткирилет.
Социалдык фондго пенсияларды кайра эсептеп, тарта жаңы өлчөмдө төлөп берүү тапшырылды.
Токтомду ишке ашыруу үчүн Каржы министрлиги республикалык бюджеттен 33.9 млн сом карашы керек.
Токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирет.
