Жарыяланган
2026-29-01, 15:19Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алды. Бул тууралуу министрле кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Касымалиевге өлкөнүн пенсиялык системасын реформалоонун негизги этабы болуп саналган Социалдык фонддун жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасы тааныштырылды.
Белгиленгендей, автоматташтырылган система маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түзөт.
Автоматташтырылган система пенсияны жол-жоболоштуруу процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, жарандарды кагаз түрүндөгү документтерди чогултуудан бошотот. Система керектүү маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, жарандардын арыздарын кароо убактысын кыскартат.