Жарыяланган
2025-26-09, 10:57Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мыйзамдаштыруудан өтүп, 10-региондун кодун алган унаалардын маселелери боюнча токтомго кол койду.
Токтомго ылайык, чет элдик номерлүү унаа мыйзамдаштырылгандан кийин аны башка бирөөгө сатууга, өлкөдөн чыгарууга тыюу салынат. Ошондой эле ал унааны башка адамга айдаганга бергенге болбойт.
10-региондун коду бар темир тулпар эки учурда гана унаа ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (же камкордукка алган адамга) өтөт:
1. Мыйзамдаштырылган унаанын ээси каза болсо, темир тулпар аялына же балдарынын бирине мураска калат. Ал үчүн адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, мурастоо тууралуу күбөлүк, никелешүү тууралуу күбөлүк/уул же кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү сыяктуу документтер көрсөтүлүшү керек.
2. Мыйзамдаштырылган темир тулпардын ээси акыл-эсинен ажырап, өз кыймыл-аракетине жооп бере албай калса, унааны аялы же балдарынын бири, же болбосо аны камкордукка алган адам айдап жүрө алат. Бул үчүн да тиешелүү документтер талап кылынат.
Эскерте кетсек, чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу 1-апрелде башталган, ал 1-октябрга чейин уланат.
Мыйзамдаштырылган унааны ээси гана айдаш керек. Кокус унааны башка киши айдай турган болсо, ага 1 миң сом айып салынат.