Akchabarsearch
Каржы министрлиги 1 млрд сомдук облигация сунуштап, бирок 8 млн сом гана карыз ала алды

Жарыяланган

2025-17-11, 18:01

Каржы министрлиги 1 млрд сомдук облигация сунуштап, бирок 8 млн сом гана карыз ала алды

Каржы министрлиги 14-ноябрда эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып 8 млн сом карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат. 

Министрлик 1 млрд сом акча тартууну көздөгөн, бирок аукциондо болгону 8 млн сомдук сунуш түшкөн.

Ошондой эле, 24-октябрдагы аукциондо министрлик 800 млн сомго облигация сунуштап, 502 млн сом карыз алган.

Белгилей кетсек, министрлик кимдер сатып алганын ачыкка чыгарбайт.


Тектеш материалды окуу