
Жарыяланган
2026-13-03, 13:40Каржы министрлиги 12-мартта бир жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 17 млн 395 миң сом карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Министрлик инвесторлордон 150 млн сом карыз алууну көздөгөн. Бирок алардан түшкөн сунуштарга байланыштуу , бул суммадан кыйла аз көлөмдө алынды.
Буга чейин, 5-мартта өткөн аукциондо да министрлик 150 млн сом карыз алууну пландап, 9 млн 212 миң сом гана ала алган.
Белгилей кетсек, 9-мартка карата Каржы министрлигинин бир жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 2 млрд 842 млн 72 миң сом карызы бар.



