
Жарыяланган
2026-20-04, 17:50Каржы министрлиги 16-апрелде бир жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 214 млн 938 миң сом ички карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Министрлик алгач 300 млн сом карыз алууну пландаган, бирок инвесторлордон түшкөн сунуштарга байланыштуу сумма толук алынган жок.
Буга чейин дагы 2-апрелде облигация чыгаруу менен министрлик 300 млн сом карыз алууну көздөгөн, бирок анда эч кандай сунуш түшкөн эмес.
Белгилей кетсек, 20-апрелге карата Каржы министрлигинин бир жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 2 млрд 812 млн 505 миң сом карызы бар.



