
Жарыяланган
2026-10-03, 17:192026-жылдын март айында Казакстандын Каржы министрлиги мамлекеттик казына облигациялары аркылуу 1.1 млрд доллар карыз алууну пландап жатат. Бул тууралуу Казакстан фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Аукциондор 3, 10, 17 жана 25-мартта өтөт. Инвесторлорго 1 жылдан 11 жылга чейинки мөөнөттөгү мамлекеттик облигациялар сунушталат.
Эң чоң көлөмдөгү каражат 8 жылдык облигация аркылуу 222.3 млн доллар,1 жылдык облигация аркылуу — 201.8 млн доллар тартылат. Ошондой эле министрлик төмөнкү мөөнөттөгү облигацияларды сунуштайт:
• 11 жылдык — 100.9 млн доллар
• 7 жылдык — 80.7 млн доллар
• 6 жылдык — 141.3 млн доллар
• 5 жылдык — 80.7 млн доллар
• 4 жылдык — 80.7 млн доллар
• 3 жылдык — 100.9 млн доллар
• 2 жылдык — 100.9 млн доллар
Эң ири аукциондор 3 жана 10-мартта өтүп, ар биринде 322.95 млн доллар өлчөмүндө облигациялар сунушталат. Ал эми, 17-мартта — 201.8 млн доллар, ал эми 25-мартта — 262.4 млн доллар өлчөмүндө болот.



