Akchabarsearch
Каржы министрлиги 300 млн сом карыз алуу үчүн казына облигацияларын чыгарат

Жарыяланган

2026-17-06, 12:07

Каржы министрлиги 300 млн сом карыз алуу үчүн казына облигацияларын чыгарат

Каржы министрлиги 18-июнда бир жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырып, ички рыноктон 300 млн сом карыз тартууну пландоодо. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында көрсөтүлгөн.

Буга чейин министрлик 15-июнда 210 млн сомдук мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарып, бирок аукциондун жыйынтыгында болгону 2 млн 214 миң сом гана тарта алган.

Белгилей кетсек, 15-июнга карата мамлекеттин бир жылдык казына облигациялары боюнча жалпы карызы 2 млрд 386 млн 259 миң сомду түзөт.
 


Тектеш материалды окуу