
Жарыяланган
2026-05-08, 16:02Каржы министрлиги 7-августта эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырып, ички рыноктон 600 млн сом тартууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Буга чейин министрлик 17-июлда мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу инвесторлордон 641 млн 158 миң сом тарткан.
Бүгүнкү күнгө карата мамлекеттин эки жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча карызы 8 млрд 977 млн 662 миң сомду түзөт.



