
Жарыяланган
2025-23-09, 14:46Жогорку Кеңештин миграция комитети ЕАЭБке мүчө мамлекеттерде чыгарылган баалуу кагаздардын (акция, облигация ж.б.) биримдиктин аймагында эркин жүгүртүлүшүн шарттаган келишимди ратификациялоону жактырды. Келишимге быйыл 31-январда Алматы шаарында кол коюлган.
Ага ылайык, ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдө чыгарылган баалуу кагаздарды башка мүчө өлкөлөрдө кайрадан каттатпай эле колдонууга болот. Бул компаниялар үчүн чыгымдарды азайтып, убакытты үнөмдөйт. Мисалы, кыргызстандык компаниялар өз кагаздарын Россия же Казакстанда оңой эле сунуштай алышат, ал эми ошол өлкөлөрдүн инвесторлору Кыргызстандагы долбоорлорго бирдей шартта каражат сала алышат.
Бул келишим:
-бюрократияны кыскартат;
-биржалардын активдүүлүгүн жогорулатат;
-инвесторлордун укуктарын жакшыраак коргойт;
-ЕАЭБде интеграцияланган каржы рыногун түзүүгө жол ачат.
Эскерте кетсек, макулдашуу Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан 2022-жылы жактырылган.
