
Жарыяланган
2026-09-07, 10:30Бүгүн, 9-июлда Каржы министрлиги мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу аркылуу ички рыноктон 400 млн сом карыз алууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында көрсөтүлгөн.
Планга ылайык, анын 300 млн сому бир жылдык облигациялар аркылуу, ал эми 100 млн сому жылдык 17% үстөк чени менен эки жылдык облигациялар аркылуу тартылат.
Буга чейин министрлик 18-июнда бир жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырып, 300 млн сом тартууну көздөгөн. Бирок ички суроо-талапка байланыштуу 16.6 млн сом гана тарта алган.
Ошондой эле 15-июнда эки жылдык казына облигацияларын сатуу аркылуу 250 млн сом алуу пландалган. Бирок бул аукциондун жыйынтыгында министрлик каражат тарта алган эмес.
Учурда мамлекеттин бир жылдык казына облигациялары боюнча карызы 2 млрд 99 млн 543 миң сомду, ал эми эки жылдык облигациялар боюнча карызы 10 млрд 177 млн 662 миң сомду түзөт.


