
Жарыяланган
2026-23-07, 14:39Бүгүн, 23-июлда Каржы министрлиги мамлекеттик казына облигацияларын чыгаруу аркылуу ички рыноктон 400 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы маалымдады.
Анын ичинен 300 млн сом бир жылдык, ал эми 100 млн сом эки жылдык мамлекеттик казына облигациялары аркылуу тартылат.
Буга чейин, 9-июлда министрлик бир жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырып, 305.5 млн сом, ал эми 17-июлда эки жылдык облигациялар аркылуу 601.2 млн сом тарткан.
20-июлга карата мамлекеттин бир жылдык казына облигациялары боюнча карызы 2 млрд 405 млн сомду, ал эми эки жылдык облигациялар боюнча карызы 9 млрд 577 млн сомду түзөт.



