
Жарыяланган
2026-27-05, 13:02Каржы министрлиги 22-майда эки жылдык казына облигацияларын жайгаштырып, 596 млн 530 миң сом карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Министрлик башында 550 млн сом карыз алууну пландаштырган¸бирок түшкөн сунуштарга байланыштуу андан көп суммада алды.
Буга чейин, 6-мартта облигация чыгаруу менен министрлик 443 млн 616 миң сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 25-майга карата мамлекеттин эки жылдык казына облигациялары боюнча 10 млрд 224 млн 931 миң сом карызы бар.



