Akchabarsearch
Каржы министрлиги 100 млн сомдук казына облигацияларын чыгарат

Жарыяланган

2026-16-06, 10:50

Каржы министрлиги 100 млн сомдук казына облигацияларын чыгарат

Бүгүн, 16-июнда Каржы министрлиги эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырып, ички рыноктон 100 млн сом тартууну көздөөдө. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, министрлик кечээ ушундай эле облигацияларды жайгаштыруу аркылуу 250 млн сом карыз алууну пландаган, бирок аукциондун жыйынтыгында каражат тарта алган эмес.

Ал эми акыркы жолу Каржы министрлиги 12-июнда мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырып, 405 млн сом карыз алган.

Белгилей кетсек, 15-июнга карата мамлекеттин эки жылдык казына облигациялары боюнча ички карызы 10 млрд 280 млн сомду түзөт.
 


Тектеш материалды окуу