
Жарыяланган
2026-06-08, 16:11Каржы министрлиги 7-августта 10 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 8% менен 1.5 млрд сом ички карыз алууну пландоодо.
Облигациялар боюнча пайыздык төлөмдөр жылына эки жолу — 10-февралда жана 10-августта жүргүзүлүп турат.
Эгерде бардык облигациялар сатылса, мамлекет жыл сайын инвесторлорго 120 млн сом пайыз төлөйт. Башкача айтканда, ар бир алты ай сайын төлөмдүн көлөмү 60 млн сомду түзөт.
Натыйжада, 10 жыл ичинде облигация ээлерине жалпы 1.2 млрд сом пайыздык киреше төлөнөт. Ал эми 2036-жылы мамлекет негизги карыз катары дагы 1.5 млрд сомду кайтарышы керек болот.


