Akchabarsearch
«Аккула» ат майданынын жери жеке инвесторго 49 жылга берилди
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-28-11, 12:10

«Аккула» ат майданынын жери жеке инвесторго 49 жылга берилди

Бишкек мэриясы “Аккула” ат майданынын жерин жеке инвесторго өткөрүп берди.

Келишимде жер тилкесин 49 жылдык мөөнөткө берүү каралган жана компания өз кезегинде бюджетке 5 миллиард 800 миллион сом төлөйт.

Ошондой эле инвестор мурдагы ипподромдун аймагына заманбап турак жайлардан жана бизнес борборлордон тышкары бир катар социалдык объектилерди, анын ичинде үч мектеп жана үч бала бакчаны курууга тийиш.

Инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 87 млрд сомду түзөт. 


Тектеш материалды окуу