
Жарыяланган
2025-17-03, 09:35Бишкектеги мурдагы “Ак-Кула” ат майданынын ордуна көп функционалдуу комплекс курулат. Президенттик администрациядан билдиришкендей, шаарча 60 миң адамга ылайыкталат.
Анда батир, коммерциялык жана кеңсе жайлары, мектеп, оорукана, мейманкана өңдүү социалдык объектилерди салуу дагы каралган. Болочоктогу шаарчанын аймагында сейил бак, жасалма көл курулуп, жашыл аянтчалар менен көрктөндүрүлөт.
Ошондой эле бул жерден 20 миңден ашык адамга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир берилет.

