
Жарыяланган
2026-15-04, 13:32Каржы министрлиги 16-апрелде бир жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 300 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Буга чейин, 3-мартта облигация чыгаруу менен министрлик 150 млн сом тартууну пландаган, бирок инвесторлордон түшкөн сунуштарга байланыштуу болгону 17 млн 395 миң сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 13-апрелге карата Каржы министрлигинин бир жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча дээрлик 2.6 млрд сом карызы бар.



