Akchabarsearch
16.3 млн сомдук доо коюлду: ГЭС курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Жарыяланган

2026-21-04, 15:07

16.3 млн сомдук доо коюлду: ГЭС курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Чүй облусунун Кемин районунда чакан ГЭС курулушу учурунда экологиялык мыйзамдар бузулгандыгы аныкталып, 16.3 млн сом доо коюлду. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сары-Күңгөй аймагында «Энергия Будущего» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан курулуш текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери экологиялык нормаларды сактабастан жүргүзүлгөнү жана бул айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизгени белгилүү болду.

Кызмат тарабынан акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча мөөнөтү көрсөтүлгөн эскертме берилди. Ошондой эле келтирилген зыянды өндүрүү максатында 16 млн 353 миң 792 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Бардык материалдар тиешелүү тартипте кароого жөнөтүлдү. 
 


Тектеш материалды окуу