Akchabarsearch
Кыргызстандагы эң биринчи ГЭСтин иштеп жатканына 97 жыл болду

Жарыяланган

2025-21-04, 09:52

Кыргызстандагы эң биринчи ГЭСтин иштеп жатканына 97 жыл болду

Кыргызстандагы эң биринчи ГЭС 1928-жылы ишке берилген. Бул тууралуу "Биринчи радионунун" түз эфиринде келечекти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аалыайдар Слем уулу билдирди. 

Анын айтымында, Чакан деп аталган ал кичи гидроэлектрстанциянын долбоору 1916-жылы Орус падышачылыгы учурунда түзүлүп, кийин 1928-жылы ишке бирилген. Анын кубаттуулугу 400 кВт’ка жетет. 

Кылымга жакын убакыттан бери иштеп келе жаткан кичи ГЭС Чүйдүн Ленин айылында жайгашкан. 

"Ошол мезгилден бери ал электр энергия өндүрүп иштеп келе жатат", - дейт ал. 


Тектеш материалды окуу