
Жарыяланган
2026-29-07, 16:42Кыргызстанда “Бала береке” төлөмүн берүү жол-жобосуна өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Белгилүү болгондой, быйыл Кыргызстанда “Бала береке” төлөмү киргизилип, ал боюнча бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда дайыма жашап, төрт жана андан көп бала төрөгөн энелерге 100 миңден 2 млн сомго чейин акча төлөө каралган.
Төлөмдүн суммасы:
• Төртүнчү балага – 100 миң сом;
• Бешинчисине – 600 миң сом;
• Алтынчысына – 800 миң сом;
• Жетинчи балага – 1 млн сом;
• Сегизинчи балага – 1.2 млн сом;
• Тогузунчу балага – 1.5 млн сом;
• Он жана андан көп бала төрөгөндөргө – 2 млн сом.
Бул төлөмдү берүү жол-жобосуна ылайык, аталган акчаны эне баласы бир жашка толгондо алат деп каралган. Мисалы келин баласын 2026-жылы 1-январда төрөсө, “Бала берекенин” акчасын 2027-жылы 1-январда ала алат.
Жободо бала бир жашка чыкканга чейин энеси каза болуп калса, анда ымыркайдын атына банкта депозиттик эсеп ачылат деп жазылган. Маселен, бала канчанчы болуп төрөлсө, анын эсебине тиешелүү суммадагы акча салынат: төртүнчү болуп төрөлгөнгө 100 миң сом, бешинчиге 600 миң сомго депозит ачылат деп каралган.
Эми ушул пунктка өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Мисалы, сунушка ылайык, эне бешинчи баласын төрөп, ал бир жашка чыкканга чейин каза болсо, энеге төлөнө турган 600 миң сом бешинчи төрөлгөн балага эмес, бардык балдарына тең бөлүштүрүлүп, депозит ачылат. Себеби бул 600 миң сом энеге бешинчи баласы үчүн эмес, беш бала төрөгөнү үчүн берилет.
Ошондуктан энесине бериле турган акча да балдардын баарына тең тийиши керек. Бул энесинен ажырып калган ар бир баланы камкордукка алуу үчүн жасалууда. Бирок эне “Бала береке” төлөмүн алууга арыз берген учурда бир баласы 18ге толгон болсо, ал баланын атына депозит ачылбайт. Депозит арыз берилген кезде 18ге толо элек балдарга гана ачылат.
Маселен 600 миң сом 5 балага 120 миң сомдон тең бөлүштүрүлүп, ар биринин атына “Бала береке” депозити ачылат. Бул акчаны алар 18ге толгондо ала алышат.
Алар 18ге чыкканга чейин депозитте турган 120 миң сом түшкөн пайыздык кирешенин эсебинен көбөйүп турат: алар колуна 120 миң сом эмес, андан көбүрөөк акча алат.



