
Жарыяланган
2026-29-07, 15:53Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында мыйзамсыз иштеп жаткан чайкана аныкталып, ээсине айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрликтин кызматкерлери текшерүү учурунда Кара-Ой айылында “Хан-Чатыр” чайканасы архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз пайдаланууга берилип, иштеп жатканын аныктаган.
Ага байлынштуу анын ээсине 200 миң сом салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилген.
Министрлик бардык компанияларды жана жарандарды курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдарды жана башка талаптарды сактоого чакырат.



