
Жарыяланган
2026-29-05, 15:54Быйыл январь-март айларында Кыргызстанда орточо номиналдык айлык акы 46 миң 731 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15.8%га көп, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 5.2%га көбөйдү.
Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, быйыл январь-март айларында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 534.4 долларды түздү.



