Akchabarsearch
2026-жылы 1-апрелден тарта мугалимдердин орточо айлыгы 40 миң сомго чейин жетет

Жарыяланган

2025-20-11, 14:19

2026-жылы 1-апрелден тарта мугалимдердин орточо айлыгы 40 миң сомго чейин жетет

2026-жылдын 1-апрелинен баштап билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Штаттык бирдиктер жана маяналарды талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сомду түзөт. 

Ал билдиргендей, маяна кызматкердин билимине, тажрыйбасына, иштеген аймагына, сабагына жана класс жетекчилигине жараша эсептелет.

Мисалы, алыскы тоолуу аймактагы орто мектепте 1.5 (жумасына 18 сааттан көп) ставка менен иштеген жогорку билимдүү мугалимдин айлыгы азыр 47 миң 935 сомду түзсө, кийинки жылы 71 миң сомго чейин өсөт. Ал эми тажрыйбасы жок, орто педагогикалык билими бар, дене тарбия мугалиминин (класс жетекчилиги бар) айлыгы 15 миң 970 сом болсо, жогорулатылгандан кийин 23 миң 600 сомду тузөт.

Мындан сырткары, мамлекеттер аралык жана республикалык сынактарда байгелүү орун алгандарга бир жыл бою, ай сайын 10 миң сом сый акы каралат.

Карыпбаевдин айтымында, айлык өсүшү бир гана мугалимдерге эмес, мектептеги бардык кызматкерлерге тиешелүү болот.


Тектеш материалды окуу