Akchabarsearch
Кыргызстанда мугалимдердин эң төмөнкү жана жогорку айлыгы белгилүү болду

Жарыяланган

2026-28-04, 11:45

Кыргызстанда мугалимдердин эң төмөнкү жана жогорку айлыгы белгилүү болду

Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы жогорулатылгандан кийин минималдуу эмгек акы 42 миң 900 сомду түздү, анын ичинен колуна 34 миң сом алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Ал эми бир ставка боюнча эң жогорку айлык 107 миң сомго чейин жетет. Мында колго тийген сумма 80 миң сомдун тегерегинде болот.

Бул көрсөткүчтөр Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунда, ошондой эле Нарын облусунда иштеген, 15 жылдан кем эмес педагогикалык стажы бар кызматкерлерге тиешелүү.

 


Тектеш материалды окуу