Akchabarsearch
29-марттан тарта Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

Жарыяланган

2026-11-02, 16:41

29-марттан тарта Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

Быйыл 29-марттан тарта Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча түз туруктуу аба каттамын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-февралда Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунун жана China Southern Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жумушчу жолугушуу өткөн.

Жолугушууда Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча түз аба каттамын ишке киргизүү жана Бишкек – Гуанчжоу – Санья багыты боюнча каттамды ачуу маселелери талкууланган.

Кытай тараптын маалыматына ылайык, каттам жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Авиабилеттерди сатуу 11-февралдан башталган.

Министрлик түз аба каттамы эки өлкөнүн соода-экономикалык жана туристтик кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

 


Тектеш материалды окуу