
Жарыяланган
2025-24-09, 14:22Кытайдын Шанхай шаарында «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору – «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК жана дүйнөлүк Alipay+ платформасы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Документ Кыргызстандын Кытайдагы Экономика министрлигинин Соода өкүлчүлүгүнүн жана Улуттук банктын колдоосу менен түзүлдү.
Долбоордун негизги максаты – Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда, ошондой эле Alipay+ колдонулган башка өлкөлөрдө QR аркылуу төлөмдөрдү өз ара кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү. Бул туристтерге жана ишкерлерге товар жана кызматтар үчүн төлөөнү жеңилдетет.
Жаңы кызмат ишке ашса, чет элдик туристтер Кыргызстанда өздөрүнүн мобилдик колдонмолору аркылуу төлөй алышат. Ал эми кыргызстандыктар ELQR системасын чет өлкөлөрдө колдонууга мүмкүнчүлүк алышат.
Долбоор ELQR улуттук системасын Alipay+ эл аралык экосистемасына интеграциялоого өбөлгө түзүп, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.

