Akchabarsearch
5-декабрдан тарта Каракол-Алматы  багыты боюнча учак каттап баштайт

Жарыяланган

2025-10-11, 15:32

5-декабрдан тарта Каракол-Алматы багыты боюнча учак каттап баштайт

Быйыл 5-декабрдан тарта Asman Airlines авиакомпаниясы Каракол-Алматы эл аралык аэропорту багыты боюнча туруктуу түз каттамдарды баштайт.

Рейстер жумасына эки жолу — жума жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учак Алматыдан Караколго саат 11:35тө, ал эми Караколдон Алматыга саат 12:35тө уча баштайт.

Учуу убактысы — 35 мүнөт, ал эми билеттердин баасы 6500 сомдон башталат.

Бул багыт боюнча акыркы туруктуу каттамдар 1970-жылдары болгон.

Жаңы рейс негизинен Казакстандан келген туристтерге, Караколдун тоо лыжа жана кышкы эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн тандагандарга арналган.

Билеттерди кассага барбастан, онлайн түрүндө компаниянын сайтынан же мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.

 

 


Тектеш материалды окуу