
Жарыяланган
2026-06-07, 09:45Казакстанда Алматыдан Ысык-Көлгө чейин түз баруучу жаңы унаа жолун куруу маселеси каралып жатат. Жолдун узундугу болжол менен 100 чакырым болушу мүмкүн. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу ишке ашырылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди.
Бул маалыматты Казакстандын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Айдос Көбетов эл аралык инвестициялык жыйында айтты.
Анын айтымында, бул долбоор өлкө президентинин тапшырмасы менен даярдалган ири стратегиялык долбоорлордун катарына кирет. Азыркы тапта долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Бул ишке Азия өнүктүрүү банкы да катышууда.
Учурда Алматыдан Ысык-Көлгө чейин жетүү үчүн болжол менен 400 чакырым жол жүрүп, орто эсеп менен 6–7 саат убакыт кетет. Жаңы жол курулса, аралык 100 чакырымга чейин кыскарып, жол жүрүү убактысы кыйла азаят.
«Ысык-Көл — Казакстандын түштүк аймактарынын жана башка облустарынын тургундары эң көп эс алууга барган жайлардын бири. Бул багытка суроо-талап жогору болгондуктан, жолду тезирээк жана ыңгайлуураак кылуу үчүн жаңы эл аралык автожол куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат», — деди Айдос Көбетов.
Техникалык-экономикалык негиздеме даяр болгондон кийин документ мамлекеттик экспертизага жөнөтүлөт. Андан соң долбоордун Казакстан үчүн экономикалык жактан канчалык пайдалуу экени бааланат. Ушундай эле баалоону Кыргызстан да жүргүзөт.
Эгер эки өлкө тең долбоорду колдосо, жаңы автожолду куруу боюнча сынак жарыяланат.

