Akchabarsearch
680 сомдук эт: Министрлик бордоп семиртиле турган малдын санын 7000ге жеткирет

Жарыяланган

2026-30-09, 14:51

680 сомдук эт: Министрлик бордоп семиртиле турган малдын санын 7000ге жеткирет

Айыл чарба министрлиги элди арзан эт менен камсыз кылуу үчүн жүздөгөн баш бодо мал сатып алып, аларды бордоп семиртүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Акунбековдун айтымында, бордоп семиртүү үчүн министрликтин "Кыргыз Агрохолдинг" компаниясы малчылардан 1700 баш бодо мал сатып алган. Алар Чүйдүн Жаңы-Пахта айылындагы сарайда багылууда. 

Жыл аягына чейин бордоп семиртиле турган малдын башы 7000ге жеткирилет. Аларды семиртип багуу үчүн азыркы сарайдын жанында жаңы жай салынат.

Мал 3 ай байлангандан кийин союлуп, сатыкка чыгарылат. Ал малдын эти базарларга чыгарылбайт же ортомчуларга берилбейт. Ошол эле "Кыргыз Агрохолдинг" компаниясынын фудтрактары аркылуу элге сатылат. Ал жерде азыр эттер 680 сомдон сатылууда.

Учурда андай фудтрактар Бишкекте иштеп жатат. Учурда борбор калаада 10 фудтрак бар болсо, анын санын дагы көбөйтүү пландалууда. Андан тышкары мындай фудтрактарды башка аймактарда ачуу каралган. 


Тектеш материалды окуу