
Жарыяланган
2026-01-09, 11:10Мотоцикл айдоо үчүн "A" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү мамлекеттик автомектептерде окуп алууга болот. Бул тууралуу Унааларды каттоо мамлекеттик борборунан билдиришти.
Эгер жаран буга чейин айдоочулук күбөлүк алган болсо, мотоцикл менен практикалык сынак гана тапшырып, «A» категориясын ала алат. Теориялык сынак тапшырылбайт.
Ал эми айдоочулук күбөлүгү жок жарандар мамлекеттик мектепте 2 ай окуп, андан кийин сынактарды тапшырып, айдоочулук күбөлүк ала алат.
2 айлык окууда сабактар жумасына 4 жолу эки сааттан болот. Андан тышкары 16 практикалык сабак каралган.



