
Жарыяланган
2026-31-08, 18:002026-жылдын январь-июль айларында кумарканалардан өлкө казынасына 391 млн сомдон ашык салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Анын 372.7 млн сому казинолордон түшкөн.
Дагы 12.1 млн сомдон ашык акча оюн автоматтарынан, 3.5 млн сом букмекердик жайлар менен тотализаторлордон жана 2.7 млн сомдой акча электрондук (онлайн) кумарканалардан түшкөн.
Былтыр жети айда өлкөдөгү кумарканалар бюджетке 262 млн сомго жакын акча төлөгөн.



